“8-март-Аялдардын эл аралык күнү”
Урматтуу айымдар, асылзат апалар жана ажарлуу эже-сиңдилер!
Жадыраган жазды коштой кирип келген 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аялзатына канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат. Эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, шыктандырып турат. Айымдар — биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи.
7-март күнү N5 Барктабас атындагы ЖББОМде 2-11-класстар эжекелерин куттуктап чакан утренник коюшту. 11-класс видео 11 -класс видео
Комментарии