Социалдык-психологиялык кызмат

Социалдык-психологиялык кызмат

Зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери боюнча анализ.

Сентябрь айында ар бир класс жетекчи класстык сааттарды өтүп,зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү . Анда окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша «Рэкет деген эмне?» «Зомбулуксуз мектеп» жана башка ушул сыяктуу ар кандай темаларда класстык сааттар өтүлдү.

Эгерде бирин-бири опузалоо, маскаралоо,же салык салуу бири-бирине үстөмдүк кылуу сыяктуу көрүнүштөр мектеп ичинде байкалса ,же боло турган болсо сөзсүз өз убагында тийиштүү жерлерге кайрылуу керектиги жөнүндө билишти.

Октябрь айында жалпы ата-энелер чогулушу өтүлөп,анда балдарды ар кандай кырсыктардан сактоо боюнча ювеналдык соттун милдетттери жана максаттары жөнүндө ата-энелерге түшүнүк берилди.Ошондой эле өлкөбүздө мектепке чейинки жана мектеп жашындагы кыздарды зордуктоо фактылары көп катталып жатат.Ошондуктан ата-энелер класс жетекчилер менен биргеликте иш чаралар уюштурулуп турат.
Зордук-зомбулукту алдын алуу жалпы коомчулуктун иши экенин билишти.

26-ноябрь «Зордук-зомбулуктун алдын алуу күнүнө» карата 21- ноябрь күнү N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 9-11-класстарынын ортосунда тегерек стол уюштурулду. Мында окуучулар мугалимдер менен бирдикте зордук-зомбулук боюнча ой бөлүшүштү.

1.Зордук-зомбулук деген эмне?

2.Зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

3.Зордук-зомбулуктун кандай түрлөрү бар?

4.Зордук-зомбулукка каршы кандай чараларды колдонсок болот?

5.Зордук-зомбулукка кабылган балдар менен педагогдор кандай мамиле түзүү керек? деген сыяктуу суроолордун үстүндө иш алып барабыз.

Мында окуучулар зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрүн белгилеп кетишти.

Мисалы:

Ата-эне тарабынын болгон зомбулук

Бир тууган тарабынын болгон зомбулук

Чоң балдар тарабынан болгон зомбулук

Мектептеги окуучулар тарабынан болгон зомбулук

Чоочун адамдар тарабынан болгон зомбулук деп зомбулуктун ар кандай жолдорун айтып жатышты.Жыйынтыгында зордук-зомбулук боюнча толук түшүнүк алышты.

мектептин социалдык паспорту

соц.инклюзив