Новости

  N5 Барктабас атындагы ЖББОМде мугалимдер жамааты жана 5-6-7-8-9-10-11-класстын окуучулары менен биргеликте «Бир окуучудан бир көчөт» акциясынын негизинде ишембилик болуп, мектептин айланасына жана Атай паркына көчөттөр эгилип, жашылдандыруу иштери кызуу журуп жатат.
20.04.2024
23- апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата N5 Барктабас атындагы ЖББОМнин китепканачысы Махабат Жээналиеванын демилгеси менен » Китеп окууга убакыт» деген теманын алкагында, окуучуларды китеп окууга кызыктыруу максатында Атай айылынын тургундары Үркүнчиева Мисиркан чоң апа жана Мамытбеков Баатырбек чоң аталарды чакырып, «Акылсыз музоо» жана «Жайлоодо» деген кызыктуу жомокторду окуп, окуган жомокторун окуучулар менен талкуулап кызыктуу […]
17.04.2024 13
Тогуз -Торо районунун N8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарых мугалими жана билим берүүнүн мыкты мугалими  Жакишова Гүлгаакы Жолболдуевнанын жаркын элесине арналган мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн оюнда Барктабас мектеби 3- орунду ээлешти.
08.04.2024 28
Бүгүн N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде ишембилик уюштурулуп, окуучулар 5-11-класстар  жана мугалимдер жамааты чыгып мектептин айлана тегерегин тазалашты.
06.04.2024 128
Келди Нооруз, келди мына жаз майрам, Береке жаап, кут төгүлүп асмандан. Кыргызымдын кыйыры узун, тарыхы, “Сүмөлөктүн бал даамынан башталган” демекчи, жаздын келиши менен кыргыз эли күткөн Нооруз майрамы да кирип келди. N5 Барктабас атындагы ЖББОМде бул майрамдын негизги тамагы болгон сүмөлөктү бышыруу үчүн буудай өндүрүлүп, Нооруз майрамы сүмөлөк кайнатуу менен башталды. Сүмөлөк кайнатуу аземине мектептин […]
20.03.2024 28
N5 Барктабас атындагы ЖББОМде Аскерге чейинки даярдоо сабагынан “Катардагы саптык көнүгүүлөр”-деген темада ачык сабак болуп өттү.  Бул сабакта балдар аскердик кызматты өтөө жана  Ата Мекенди коргоо милдет экендигин билишти. Окуткан мугалими: Абакиров Баксултан
19.03.2024 16
Бүгүн N5 Барктабас атындагы ЖББОМде 1998-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү Жалпы Республикалык тестке даярдыкты күчөтүү максатында, быйылкы бүтүрүүчүлөргө 22 китеп алып келип беришти. 1981-жылкыларга терең ыраазычылык билдиребиз.
12.03.2024 60
Райондук дээңгелде өткөрүлгөн “Мектеп Лигасында” спорттун волейбол түрү боюнча өткөрүлгөн мелдеште, балдар арасында N5 Барктабас атындагы ЖББОМнин “Атай Шер” командасы 3- орунду, ал эми кыздар арасында “Атай” командасы 2-орунду ээлешип медаль, грамота менен сыйланышты.
11.03.2024 18
18-19-январда Тогуз-Торо  райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин арасында окуучулардын республикалык олимпиадасынын 2-баскычы болуп өттү. Олимпиадада кыргыз тили сабагынан  1- орунду  Абитова Үпөл ээлеп областка жолдомо алган. 26-27- февралда Республикалык олимпиаданын 3- этабы болуп, анда окуучубуз 3- орунду ээледи. Окуткан мугалими: Сулайманова Асыл
11.03.2024 16
Практикант Ратбек кызы Нурайым Кыргызстан Ислам университетинин студенти, Барктабас мектебинин 2020-жылдын бүтүрүүчүсү, практика учурунда окуучулар менен активдүү иш алып барды. 17-февральда Барктабас мектебинде 8- класстан 11-класска чейинки окуучулар арасында » Интертенсиз бир күн» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш чарага жалпы 21 окуучу катышып эрте мененки саат 09:00 дон кечки 17:00 го чейин телефонсуз жана интернетсиз мектепте убакыт […]
11.03.2024 17
Урматтуу айымдар, асылзат апалар жана ажарлуу эже-сиңдилер! Жадыраган жазды коштой кирип келген 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аялзатына канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат. Эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, […]
11.03.2024 14
«Кыргыз радиосунда»мектеп окуучуларына арналган «Акыл таймаш»интеллектуалдык радио оюнунун катышуучулары N5Барктабас атындагы ЖББОМнин 7-классынан түзүлгөн «Таберик» тобу. Катышуучулар: Койчубаев Нурэл Жеңишбекова Айбийке Айтыбекова Аксаамай Жолдошбекова Сауле Каныбеков Нурсултан. Чүй облусунан барган “Келечек” тобу менен беттешишип, 264 упай топтоп өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүп келишти. Даярдаган мугалимдер: Сулайманова Асыл Койчубаевна Турапбаева Елена Максатбековна Андан сырткары Жогорку Кеңештин депутаты […]
06.03.2024 15
1 / 912345...»