«Кош бол, Алиппе»
КОШ БОЛ АЛИППЕ!
Алиппени окуп бүтүрүп, тамга таанып, алиппе менен коштошуу учуру келди. Бүгүн N5 Барктабас атындагы ЖББОМде алиппе майрамы белгиленди.
Бул майрамга 1 «а» жана 1 «б» классынын окуучулары жогорку деңгээлде, мыкты чыгармачылыкта даярданышкан. Алиппе кечесинин жүрүшүндө окуучулар ар бир тамгаларды Манастын үзүндүлөрүнөн алып айтышты, алиппе тууралуу ырларды ырдап, акыйнек жана бийлердин түрлөрүн бийлешти. Көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулашты.
Коомай кармап китептин барактарын,
Билбей жаттык ачарын каяк жагын.
Ал күнүң артта калып мына бүгүн,
Анткени, жатка айтып аяктадың.
Өз атыңды жазасың тамга менен,
Мына эми ачылды жолуң кенен.
Врач бол, учкуч да бол, мугалим бол!
Келечекте күтүп жаткан жолуң кенен.
Андан соң мектептин директору Досматова Нарынкүл Жаныбековна жана ОББсы Турапбаева Елена Максатбековна куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, окуучуларга грамоталарды тапшырышты.
Комментарии