Досматова Нарынгүл Жаныбековна
Жалал Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунун Атай айылында 1985-жылдын 16-августунда туулган.
Ишеналы Арабаев атындагы КМУга 2007-жылы тапшырып, 2013-жылы биология факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 2011-жылын №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде биология мугалими болуп баштаган.
2018-2019-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнүн класс жетекчиси.
2016-2017-окуу жылы так илимдер усулдук бирикмесинин жетекчиси.
2017-2018-окуу жылы тарбия иштери боюнча директордун орунбасары.
2018-2019-окуу жылы окуу тарбия иши боюнча директордун орунбасары.
2020-2021-окуу жылынан бери №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору болуп эмгектенет.
Алган сыйлыктары: 2015-ж 01.10 Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү Ардак грамота.
08.05.2020-ж Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган мугалимдер арасындагы «Санарип педагогика» конкурсуна катышкандыгы үчүн «Кесипкөй мугалим» номинациясын алган.
2018-2019-окуу жылында бүтүргөн классы Тогуз-Торо району боюнча билим сапаты 91% болуп. Райондук билим берүү бөлүмүнөн райондук деңгээлдеги «Мыкты класс жетекчиси» наамын алган.
«Санарип мугалим» Республикалык конкурсунун катышуучусу.
Атай айыл өкмөтү 21.12.2021-жыл «Жылдын мыкты жетекчиси » наамы.
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитети тарабынан уюшулган ВОЛЛЕЙБОЛ оюнунда «Мыкты оюн» көрсөткөндүгү үчүн ДИПЛОМ менен сыйланган.
Квалификациясын жогорулатуулары, өзүн-өнүктүрүү үчүн окуп алган СЕРТИФИКАТТАРЫ;
- «Мектепте жалпы педагогикалык процессти жөнгө салуучу документтер» 13.11.2020-ж РПККЖЖКД институту.
- «САНАРИП МУГАЛИМ» онлайн курсу. А Мадалиев.
- «21кылымдын мектеби : заманбап мугалимдердин кесиптик компетенциялары» 72сааттык курс.
- » Цифровые инструменты современного учителя для эффективной онлайн-и офлайн- работы» г. Москва. 2021-г. Ю.И. Кохова
- ONE ONLINE ENGLISH has completed his reguired course of study as prescribed by the Education Board. 2021