Сапар кызы Гүлнур

Математика мугалими

Мен Сапар кызы Гүлнур 1994-жылы Тогуз-торо районунун Казарман айылында төрөлгөм. 2000-жылы мектеп босогосун аттап 2011-жылы Макмал орто мектебин аяктап, ошол эле жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Унивкрситетинин Математика факультетине тапшырып 2016-жылы ийгиликтүү аяктап. 2016-2017 окуу жылында Макмал орто мектебинин математика мугалими болуп эмгектендим. 2019-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетине Математика факультетинин магистратурасына тапшырып 2021-жылы ийгиликтүү аяктадым. 2020-жылдан тартып №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенем.