USAIDдин “окуу керемет!” долбоору
N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалимдери «Окуу керемет!» долбоорунун Математикалык сандыкчасы менен жабдылышты.
Сандыкчада математикалык көрсөтмө куралдар, геометриялык фигуралар, геоборддо, 1-100 таблицасы, геометриялык фигуралардын жана реалдуу объектилердин аянтын табууну жөнөкөйлөтүп түшүндүрүү ыкмалары менен практика жүзүндө иштегени мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Бул көрсөтмө куралдар менен мугалимдер окуучуларга математикалык кырдаалдарды, маалыматтарды талдоого жана талкуулоого, маселелерди альтернативдүү ыкма менен чыгаруу жолдорун сунуштоого жана негиздөөгө, ошондой эле, мейкиндик жана логикалык ой жүгүртүүсүн өрчүтүүгө мүмкүндүк берүү менен сабак өтө алышат.
Комментарии