Кыргыз тилине 35 жыл.
23-сентябрь Кыргыз тилинин 35 жылдыгына карата, N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде төмөндөгүдөй иштер аткарылды.
Тарбия завуч,көркөм жетекчи дубал газета жана залдын жасалгасын жасашты.
Жалпы мугалимдер,окуучулар этно кийим кийишип кыргыз тилин даңазалап, тил жөнүндө ыр саптарын,макал лакаптарын айтышып майрамдык маанай менен окуу күнүн башташты.
1-кезметте Мамытбекова Шайыркүл эжеке 10- класстын окуучулары менен биргеликте поэзия минутасын уюштурду.
2-кезметте Өмүралиева Зинагүл эжеке 6-класстын окуучулары менен биргеликте утренник өттү.
Жаңыбаева Гүлайым эжеке 3-класс окуучуларына «Эне тилим эчен кылым карыткан ,эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан»деген темада ачык тарбия саат өтүлдү.
Комментарии