Биз ар кандайбыз , бирок биргебиз !
3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин күнүнө карата соц. педагог Турсунбек кызы Зуура тарабынан «Биз ар кандайбыз, бирок биргебиз»-аттуу кайрымдуулук акциясы өткөрүлүп, дубал гезиттери , лозунгдар жана атайын бурч уюштурулду. Акциянын негизинде 5-классынын окуучулары Койчуманов Бекболсун жана Женишбекова Айназикке демөөрчүлөр өздөрүнүн чакан белектерин берип, майрамдык маанай тартуулашты. Демөөрчүлүгүн көргөзгөн патриот азамат жигиттерибиз: Атай айылынын депутаттары Бекмырза уулу Илимбек, Баатырбеков Нурсултан жана жеке ишкер Максатов Ильгиз болду.
Комментарии