Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келген, тарбиясын берген ата-энелер. Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга сый урмат жасоо ар бир адамдын милдети болсо керек. Карылар көптү көргөн, көсөм адамдар десек жаңылышпайбыз. Кыргызда сөз бар го “ата-энеси бар адам, эң бактылуу адам”, “ата-энеңди көзү барда сыйлай бил” дегендей. Ата-эне жаш болсо да, барыбир улгаят, ал гана эмес биз дагы улгаябыз, ошондуктан ата-энени сөз менен эмес, иш-аракет, ак эмгегиңер менен сыйлай билгиле. Карынын батасын алган адам эч качан кор болбойт эмеспи, карынын батасын алгыла.Кары адамдарга ким сый-урмат көрсөтсө, ал сөзсүз кийин кайтат. Карыны сыйласаң абийир табасың деп бекеринен айтылбаса керек. Ар бир улгайган адам ардактуу адам. Улгайган адамдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдери,парламент менен биргеликте ардагер мугалим эжекелерди үйлөрүнө барып куттуктап келишти.
Комментарии