Новости

19-ноябрь күнү N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Камбаралиев Адилет предметтик мугалимдерге , 8-11-класстарга жана жалпы мектеп парламентине 20-ноябрь күнү боло турган предметтер аралык мектеп олимпиадасы боюнча чогулуш өтүп, олимпиаданын жүрүшү жөнүндө толук маалымат берди.
19.11.2024 5
N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде  16-ноябрь күнү жалпы мектеп жааматы жана окуучулар ишембилик жүргүзүштү. Мектептин айланасы, ботоникалык багы, газондун ичи -сырты тазаланды. Андан соң ,  Атай айылынын паркындагы  бактардын түптөрүнө  жер семирткичтер төгүлдү.
17.11.2024 9
Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган утренникти тарых мугалими Канболот кызы Элзат 8-класс менен биргеликте өттү.
01.11.2024 37
Тарых сабагынан Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарых мугалими Мамбеталиев Бактыбек Дүйшөнбекович ачык сабак өттү. Сабак эки бөлүктөн туруп, окуучулар жана катышуучулар  активдүү катышып, сабакты кызуу талкуулашты.
01.11.2024 33
N5Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатына мектеп директору Нарынкүл Досматова Жаныбековна Кыргыз Республикасынын “ Алтын казык” билим берүү трансформациялоо программасы (2024-2025) боюнча окуу тренинг өттү. Окуу тренингдин соңунда улуу муундагы эжейлер ой пикирлерин айтышты.
30.10.2024 25
#Окуу_керемет! #Окуйбуз.Изилдейбиз.Жаратабыз. №5 Барктабас атындагы ЖББОМ башталгыч класстар бирикмесинде Окуйбуз.Изилдейбиз. Жаратабыз. Долбоор түзүү боюнча ачык сааттар өтүлүүдө. 29.10.2024.Математика сабагынан 4-класска Токтомадинова Гүлзат «Сандар биздин айылда» темасынын алкагында Атай айылы боюнча изилдөө сабагын өттү. Окуучулар 4 топко бөлүнүшүп өздөрүнө темаларды алып, изилдөө жүргүзүшкөн. Ар бир топ изилдөө учурунда интервью алышты, диаграммаларды түзүп, маселелерди чыгарышкан. Сабак жандуу […]
30.10.2024 28
26-октябрь күнү N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде ишембилик болду. Жалпы эмгек жамаат  жана окуучулар менен биргеликте Атай айылынын паркына күзгү бак отургузуу уюштурулуп, теректин көчөттөрү отургузулду.
26.10.2024 37
N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин  бүтүрүүчүсү, Бекмаматов Канат Уланбековичтин демөөрчүлүгү менен Тогуз- Торо районун мектептеринен 13 мугалим, Гапыр Мадаминовдун «Ата-энелер мектебинен» 72 сааттык бир айлык курсунан окушуп, сертификат жана китептер менен толук камсыз болушту. N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими Жакыпбекова Азиза Жакыпбековна окуп, сертификатка ээ болду. Мектептин билим […]
25.10.2024 30
N5 Барктабас асындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде STEM предметтеринен ичинен физика предмети боюнча Ченгелова Мирзат Бектеналиевна 5Е моделинин негизинде “Деформация.Серпилгичтүү жана калдыктуу деформациялар” деген темада ачык саат өттү. Сабакка Республикалык деңгээлдеги тренер Орособек уулу Оңолбек агай жана Тогуз-Торо районунун билим берүү бөлүмүнүн адиси Жээналиева Жыргал эжеке келип катышышты.
25.10.2024 21
N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 18-октябрь күнү “Айылымда алтын күз” аттуу  конкурс 8-11-класстар арасында болуп өттү. Конкурска окуучулар өз чыгармачылыктарын, өнөрлөрүн так, даана тайманбастан жогорку деңгээлде көргөзө алышты.  Соңунда грамота менен сыйланышты.
25.10.2024 16
18-октябрь күнү N5Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Алтын күз мезгилдердин берекеси” деген темада “Алтын күз” майрамынын 2-бөлүгү болуп өттү. 2-бөлүктүн катышуучулары 5-класс күз жарманкесин уюштурушуп, күзгү пейзажды жана оруп жыйноо мезгилин чагылдырып, сүрөт тартып, өзү жүрүүчү комбайындардын макеттерин ойлоп таап , жазагандарын жогорку деңгээлде жактап беришти . Уюштуруп, даярдаган класс жетекчиси Жакыпбекова Азиза […]
25.10.2024 14
N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 14-октябрдан 18-октябрга чейин “Климаттык билим берүүүнүн бир жумалык иш чарасы” болуп өттү. Теманын негизинде класс жетекчилер тарбия сааттарды өтүштү.    Айтбаева Мэрри    “Жердин сактоочулары”  деген теманын алкагында           8-класстар арасында дебат уюштуруп , окуучуларга кызуу талкуу жүргүздү. 
25.10.2024 69
1 / 1312345...10...»