Новости

N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 5-7- класстардын арасында «PISA-2025» эл аралык билимди баалоо сынагына карата пробный тесттер өткөрүлдү. Пробный тестке 5- класстан 25 окуучу, 7- класстан 28- окуучу катышышты.
02.12.2022 274
N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 3-декабрь Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата » Биз биргебиз» аттуу бир айлык акциянын алкагында 2022-жылдын 1-декабрь күнү Атай айылында райондук денгээлде иш чара өткөрүлдү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин депутаты Исатбек кызы Аида, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Базарбаев Нурдөөлөт […]
02.12.2022 115
21-ноябрь күнү PISA 2025ке даярдануу боюнча, 2010- жылкы окуучулардан сынак тесттери алынды.
21.11.2022 549
Барктабас мектебинде зээндүү окуучуларды тандоо максатында предметтик олимпиаданын биринчи баскычы болуп өттү. Анда кыргыз тили, орус тили, англис тили, химия, математика, биология, информатика, тарых предметтеринен окуучулардан тест алынды. Тестин жыйынтыгы менен 1- орунду алган окуучуларды, предметтик мугалимдер, райондук олимпиадага даярдап жатышат.
18.11.2022 125
17- ноябрь студенттердин жана жаштардын күнүнө карата “Дени сак жаштар, дени сак өлкө”- деген теманын алкагында жаштар арасында волейбол болуп өттү. Мелдеште 5 команда ойношуп, кызыктуу оюн көрсөтүштү. Оюнда алдынкы орунду ээлегендер акчалай сыйланышты.
17.11.2022 121
PISA 2025 ке даярдоо максатында ОББсы А.Камбаралиев тарабынан » Функционалдык сабаттуулук компетенциясын калыптандыруу жана баалоо» деген теманын негизинде жалпы предметтик мугалимдер менен окутуу тренинги болуп өттү. Тренингдин алкагында предметтик мугалимдер PISA боюнча тестер менен кантип иштөө боюнча маалыматтарды алышты.
14.11.2022 164
Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоого кошкон олуттуу салымы, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Акималиева Алтынкыз Мамбеталиева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйланды.
14.11.2022 93
N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде башталгыч класстын мугалимдери окуу Керемет долбоорунун алкагында окууга катышышып  72 саатык сертификатка ээ болушту.
02.11.2022 99
#Баткенге_жардам Сентябрь айындагы Баткен окуясынан кийин «Чептен эрдин күчү бек» деген темада тарбия саат өтүлүп, окуучуларда патриоттук, боорукердик, мекенчилдик сезимдери күч алып, классыбыз менен биз да Баткен элине жардам берели деп чечтик. Чоң болбосо да ар бир окуучу, ата-энеси менен биргеликте колунан келген китеп, оюнчук, окуу куралдарынан, таттуулардан кылып белек даярдашты. Мен болсо ал аралыкта […]
02.11.2022 101
Тогуз-Торо райондук ички иштер тарабынан, Кыргыз милициясынын 98- жылдык мааракесине карата, райондук жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучуларынын  арасында “Волейбол”спорттук оюнунда мыкты оюн корсоткондүгү үчүн  “Мыкты чабуулчу” наамы менен Махмудшаев Даниел сыйланды.
01.11.2022 99
Тогуз-Торо райондук ички иштер тарабынан, Кыргыз милициясынын 98- жылдык мааракесине карата, райондук жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучуларынын  арасында “Волейбол”оюнунда 2- орунду ээлегендиги үчүн N5 Барктабас орто мектеби сыйланды.
01.11.2022 103
29- октябрь күнү N:5 Барктабас атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде ишембилик уюштурулуп, мектептин айлана-тегереги тазаланды.
29.10.2022 88
1 / 3123