Ураа ! Ураа ! Ураа! Районубузда мектептер аралык “ Акыл таймаш” интеллектуалдык оюну.
Кечээкисин унутпай
Бүгүнкүсүн курутпай
Эртеңкиге көз салып
Эркин жүргөн булуттай
Нарктуу кыргыз тукуму
Терең түшүн ушуну
«Акыл таймаш» болот деп
Топтор келген учуру
Билимимди сынайм деп
Белсенип турат окуучу
Тагыраагы Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын 35 жылдыгына карата окуучулардын билим деңгээлин өркүндөтүү, креативдүү ойлонуусун өстүрүү , билимге болгон кызыгуусун арттыруу ,аң сезимин кеңейтүү , кыргыз элинин тарыхын , маданиятын жана тилин сактоо , руханий дөөлөттөрдү даңазалоо максатында район боюнча 7-класстардын арасында мектеп аралык «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну N5 Барктабас атындагы ЖББОМде 23-декабрь күнү болуп өттү.
Таймашка саресеп салып отурган калыстар тобу :
1. Тогуз-Торо Райббб башчысы Талайбеков Бактыбек Талайбекович
2. Тогуз-Торо Райббб башкы адиси Ажыбеков Залкар Керипбаевич
3. Тогуз -Торо Райббб окуу усулдук кабинет башчысы Какаева Таалайкүл Сансызбаевна
4. Тогуз -Торо Райббб адиси Тазабекова Зиягүл Талантбековна
5. Тогуз- Торо райондук тарых этнографиялык музейинин кызматкери Келдибеков Бактияр болду.
Таймаштын башкы демөөрчүсү «Бекмамат ата » фондунун негиздөөчүсү Бекмаматов Канат Уланбековичке терең ыраазычылык билдиребиз.
Таймашка катышкан топтор :
1.N1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал ЖББОМнин «Кеменгер» тобу. Топ башчысы Султанбекова Айназик.
2. N3 Бейше Үрүстөнбеков атындагы ЖББОМнин «Жаш канат» тобу. Топ мүчөсү Сүйүнбеков Алихан .
3. N4 Иманберди у Иса атындагы ЖББОМнин «Биримдик» тобу . Топ башчысы Шекербекова Алия.
4. N5Барктабас атындагы ЖББОМнин » Жетиген» тобу . Топ башчысы Ибраев Болуш.
5. N6 Бирдик ЖББОМнин «Билилим тулпары» тобу. Топ башчысы Айтмамбетова Акмарал.
6. N7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы ЖББОМнин » Таберик» тобу . Топ башчысы Мукашов Али.
7. N8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы ЖББОМнин «Зирек» тобу. Топ башчысы Атишова Мадина
8. N9 Эмилбек Касымалиев атындагы ЖББОМнин «Нарк туусу » тобу. Топ башчысы Бектемирова Курманжан .
9. N10 Азамат у Калдыбай атындагы ЖББОМнин «Жаш канат» тобу. Топ башчысы Маматова Айзирек.
10. N11 Саймалуу -Таш ЖББОМнин «Даанышман» тобу. Топ башчысы Сүйүнбеков Мусафар
11. N12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы ЖББОМнин » Акылман» тобу. Топ башчысы Рустамжанов Алихан.
12. N13 Маруса Жаңыбаева атындагы ЖББОМнин «Билим» тобу. Топ башчысы Алмазбекова Айдана.
Таймаштын жүрүшүндө биринчи жана экинчи этапта топтогон упайлардын жыйынтыгы менен финалга болгону үч топ катыша алышты.
Жыйынтыгында N11Саймалуу- Таш ЖББОМнен келген «Даанышман» тобу III орунду ээлеп , коло медалы жана III даражадагы диплом, 1000сом акчалай сыйлык ,
N5Барктабас атындагы ЖББОМнин «Жетиген» тобу II орунду ээлеп, II даражадагы диплом , күмүш медалы, 1500сом акчалай сыйлык, N3Бейше Үрүстөнбеков атындагы ЖББОМтен келген «Жаш канат» тобу I орунду ээлеп , алтын медалы I даражадагы диплом , 2000сом акчалай сыйлык жана «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюнунун кубогуна ээ болушту. Калган катышуучуларга 500сомдон акчалай сыйлык ыйгаруу менен биргеликте алыстан келген мектептерге калыстар тобу 500сомдон акчалай белек беришти.
«Акыл таймаш» интеллектуалдык оюндун башкы уюштуруу тобу N5Барктабас атындагы ЖББОМнин жалпы жамааты жана директордун окуу -тарбия иштери боюнча орун басары Камбаралиев Адилет Асаналиевич. Таймаштын алып баруучусу кыргыз тили жана адабияты мугалими Турсунбек кызы Зуура .
Комментарии