СПИД
N5Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 1-декабрь «Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү» күнүнө арналган иш чара болуп өттү. 8-11 класстын окуучуларына үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Арзыкулова Айкан жолугушуу өткөрүп, өспүрүмдөр арасында бул коркунучтуу оору тууралуу маалымат жана алдын алуу чаралары жөнүндө кенен түшүнүк берилди.
9-класстын класс жетекчиси Сапар кызы Гулнур “СПИД кылым коркунучу!” деген темада тарбия саат өттү. Сабак учурунда ар бир катышуучу өз ой-пикирин бөлүшүп, СПИД тууралуу фактыларды жана алдын алуу жолдорун талкуулашты.
Тарбиялык иштерди уюштуруучу Жээналиева Махабат тарабынан дубал газеталар чыгарылып, мектептеги кыздар арасында тегерек стол уюштурулду.
Комментарии