Семинар
Талайбеков Бактыбек
Тогуз-Торо Райббб
Тогуз-Торо ФМ жамааттык радиосу
Тогуз-Торо Администрация
Билим берүү жана илим министрлиги
Нарынгул Досматова
25-ноябрда N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде тарбиялык сааттар боюнча “Элибиздин байыркыдан берки сакталып келген , түбү тереңде жаткан бай тарыхы , нарк — насили , руханий — адеп- ахлахы , көөнөргүс таалим — тарбия мурасы биздин ишибизди жеңилдетип, басар жолубуздун нугун көрсөтүп турат ” деген темада пландуу семинар өтүлдү.
Семинардын максаты: Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын ишке ашыруу жана кыргыз элинин унутта калган буюмдарын жандандырып , коомчулукка таанытуу .
Семинардын жүрүшүндө башка мектептерден келген конокторду мектеп парламенти жагымдуу маанай менен тасуп алышкан соң, мектеп директору Досматова Нарынкүл Жаныбековна ачылыш жасады.
Өтүлгөн тарбиялык сааттардын бардыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашыруу жана автор КРнын Президенти Садыр Жапаровдун китеби “Жаңы КЫРГЫЗСТАНДЫ куруунун багытынын ” негизинде өтүлдү.
Алгачкы сабактарды Шерматрва Назима 6-класстарга «Ак илбирс — Кыргызстандын улуттук символу» деген темада жана Абдыжапарова Астра 3-класстарга “Каада салтты сактайлы , кол өнөрүн барктайлы!”деген аталышта тарбия сааттарды өтүштү. Алардан соң, Шаршенова Назгүл ата энелер мектебин , Жаңыбаева Гүлайым “Тушоо кесүү” жөнүндө каада салттарды өтсө, Турсунбек кызы Зуура 10-класска “Кесибиң сенин келечегиң “ аттуу мыкты тарбия сааттарын өтүшүп , өз тажырыйбаларын келген конокторго бөлүшө алышты.
Канболот кызы Эльзат 8-класстар менен биргеликте “Өткөндү эскерүү -келечекке ишеним , 100 жылдык жол” аталышындагы чакан программада утренник өтүп берди.
Спорт залга жалпы мектеп жамааты жана окуучулар тарабынын уюштурулган унутта калган буюмдар көргөзмөсү келген коноктордун көңүлүн өзгөчө бурду. Ошону менен биргеликте мектепте иштеп жатып , жеке ишкерлик менен алектенген эмгекчил,чыгармачыл мугалимдерибиздин да эмгектери көңүл бурдурбай койгон жок. Мисалга алсак , Бусурманкулова Бактыгүл уюштурган “Айнуска “ тигүү цехи , Буржуева Айнагүл эжекебиздин “Табият” аталышындагы түркүн түстүү дары чөптөрдөн жасалган дарычылыгы бар самындары болду.
Жыйынтыктоодо келген конокторго өтүлгөн тарбиялык сааттар жаккандыгын жана жогорку деңгээлде болуп , өтүлгөн семинар максатына жеткендигин өзгөчө белгилеп кетишти.
Комментарии