Алтын күз мезгилдердин берекси. 2-бөлүк
18-октябрь күнү N5Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Алтын күз мезгилдердин берекеси” деген темада “Алтын күз” майрамынын 2-бөлүгү болуп өттү. 2-бөлүктүн катышуучулары 5-класс күз жарманкесин уюштурушуп, күзгү пейзажды жана оруп жыйноо мезгилин чагылдырып, сүрөт тартып, өзү жүрүүчү комбайындардын макеттерин ойлоп таап , жазагандарын жогорку деңгээлде жактап беришти . Уюштуруп, даярдаган класс жетекчиси Жакыпбекова Азиза .
6-класс класс жетекчиси Шерматова Назима менен биргеликте күзгү жарманкесин жана өнөр жай тармактарынан чыгарылган продукциялардын сурөттөрүн тартып, эң сонун деңгээлде жактап беришти . 7-класс күзгү жарманке менен биргеликте өз колдору менен оруп жыйган продукцияларын кайра иштетүү өнөр жайларынын сүрөттөрүн мыкты деңгээлде тартып , күзгү пейзажды дубал бетине чагылдырып берүү менен биргеликте жогорку деңгээлде жактап да бере алышты . Класс жетекчиси Сариева Гүлүмбү. жарманкенин соңунда атайын түзүлгөн комиссиянын курамы окуучуларды өз сөздөрү менен алкап , номинациясы менен грамоталарды тапшырышты .
Комментарии