Акыркы коңгуроо
2023-2024-окуу жылына карата 25-май «Акыркы коңгуроо » салтанаты эң жогорку деңгээлде мектептин бүтүрүүчүлөрүн алтын уясынан учурду. 10 жыл, 20 жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр келишип мугалимдер жааматына ыраазычылык билдирип, окуучуларга ак жол каалашты.
🔔🎀🔔🎀🔔🎀🔔🎀🔔🎀🔔🎀 🔔🎀🔔🎀
🕊 🕊 🕊 🕊 🕊 🕊 🕊 🕊 🕊 🕊 🕊 🕊🕊🕊🕊N5 Барктабас атындагы ЖББОМде
окуудагы жетишкендиктери үчүн мугалимдерибизге жана бүтүрүүчүлөрүбүзгө мектептин грамоталары тапшырылды. Ташматов Барктабас агайдын “Ардак грамотасы”Турапбаева Елена Максатбековна.
Ташматов Барктабас агайдын «Ыраазычылык каттары» менен Сулайманова Асыл, Жаңыбаева Гүлайым Карыпбековна, Шерматова Назима Дөөлөтбековна ж.б.
“Жылдын мыкты бирикме жетекчиси”Шаршенова Назгүл Бакаевна.
” Жылдын мыкты класс жетекчиси” Эсенбаева Айгүл.
Ал эми окуучулардан мектептин «Эн мыкты окуучу» номинациясы менен бүтүрүүчүбүз Абитова Үпөл сыйланды.
Артыкчылык күбөлүгүнүн ээлери 9- классынын окуучусу Ормонбекова Фатима, Турсуналиева Фатима, Ибраева Зарина.
Жылына мектепке демөөрчүлүк кылган эже-агайларыбыз: Барктабасова Гүлайым эже, Тилекбаева Турсун эже, Болотбеков Ажымат агайдын уул-кыздары, Баястанова Алмагүл эжелер жылына отличник балдарга өздөрүнүн стипендияларын тапшырып келет.
Китепканачы Жээналиева Махабат менен Баястанова Алмагүл эжелер уюштурган “Эң мыкты окурман ” конкурсунун жыйынтыгы менен мектептен 3 окуучу Казахстан мамлекетине жолдомо алышты. Алар Ормонбекова Фатима 9- класс,
Орунбекова Фатима 5- класс,
Урматов Байнур 4- классынын окуучулары. Демөөрчүлөр Раатбек кызы Нурайым, Өскөнбаев Калысбек, Макенбаева Салкынай.
Бүтүрүүчүлөрүбүзгө ак жол каалайбыз. Ал эми биздин мектебибизге ар тараптан колдоо көргөзгөн агай- эжекелерибизге терең ыраазычылык билдирип, ден соолук, иштерине ийгилик үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.
Комментарии