Тартууланган китептер
Барктабас Ташматов агайдын 90 жылдыгында тартууланган китептер.
Этно педагог, акын, обончу жана филолог, педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз эл жазуучусу Рысбаев Сулайман Казыбекович.
Педагогика илимдеринин кандидаты, Профессор Респуб.пед.кызматкерлеринин билимин жогорулатуу институтунун кафедра бишчысы Асанакунов Такабай Абдыбекович.
Чекиров Кубат Кут билим редакциясынын редактору, Медиа борбордук директору.
Кыргыз билим берүү академиясы. Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу борборунун улуу окутуучусу Дөөталиев Асылбек Көбөгөновичтерден Барктабас мектебине “Тагдырдын мугалими”, “Өч алба”, “Бала бойдон калба”, “Сөз жөнүндө сөз”, “Мыкты мектеп”, “Билим бакыт канаты” ж.б. китептерди тартуулашты.
Ал эми Жусуп Мамайдын вариантында “Манастын” 8 урпагы камтылган 8 томдугун Барктабасова Гүлайым Барктабасовнанын жакын курбусу Төлөмүшова Аруу Акеновна тартуулады.
Комментарии