N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү, Бекмаматов Канат Уланбековичтин демөөрчүлүгү менен
Тогуз- Торо районун мектептеринен 13 мугалим, Гапыр Мадаминовдун «Ата-энелер мектебинен» 72 сааттык бир айлык курсунан окушуп, сертификат жана китептер менен толук камсыз болушту.
N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими Жакыпбекова Азиза Жакыпбековна окуп, сертификатка ээ болду.
Мектептин билим сапатынын көтөрүлүшүнө өз салымын кошуп, эл үчүн, келечек үчүн аракет кылган, Бекмаматов Канат Уланбековичке жана ушундай уулду тарбиялап өстүргөн Шерипов Улан Бекмаматовичке терең ыраазычылык билдиребиз.
Бекмаматов Канаттын демөөрчүлүгү 80000(сексен миң)сомду түздү.
13 мугалимдин бир айлык окуу курсунун акысын жана ар бир мектепке берилген китептерди өз каражатынан алып берип, Тогуз-Торо районунун билим казынасына чоң салымын кошту.
Комментарии