2-сентябрь
2-сентябрь N5 Барктабас атындагы ЖББОМде биринчи коңгуроо кагылып жаңы окуу жылы башталды.
Коңгуроо аземине райондук мамлекеттик администрациясынын секретарь башчысы Шаршенбеков Бек
Салык башкармалыгынын башчысы Өмүрбек уулу Таалайбек
Атай айылынын айыл башчысы Жөжөбаев Жакыпбек Кемелович келишип куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, окуучуларга ийгилик каалашты.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 10-11-класстарга «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» деген темада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов онлайн форматта окуучуларга ачык сабак өттү.
Ал эми мектепте 1-4-класстар «Билим- бул күч»
5-9-класстарга «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар » деген темада ачык тарбия сааттар өтүлдү.
Комментарии