О нас

Мектептин тарыхы

№5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарыхы.

1901-1902-жылдары падышалык  Россия бийлиги тарабынан көчүрүлүп келинген орус казак дыйкандары Атай кыштагына отурукташкан. 1903-жылыорус дыйкандарынын балдарын окутуу  үчүн мектеп ачылган. Орус-казактарынын атаманы Иван Катнусов кыргыздын  болуштарына бийлерине сүйлөшүп балдарын окутуп беребиз деп сунуштаган. Иван Катнусовдун жубайы Екатерина Ивановна Катнусова окуткан.    Атай айылында советтик алгачкы мектеп 1931-жылы Атай баштооч мектеби ачылган. Жалал-Абад уездинен келген педагог Хаменов жетектеген. Нарындан келген  Кочорбаев  Станбеков Жумагуловдор мектеп башчылары болушкан.

 

Эмблема

О нас

 

Мектептин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

Мектеп усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»