Баткенге жардам
#Баткенге_жардам
Сентябрь айындагы Баткен окуясынан кийин «Чептен эрдин күчү бек» деген темада тарбия саат өтүлүп, окуучуларда патриоттук, боорукердик, мекенчилдик сезимдери күч алып, классыбыз менен биз да Баткен элине жардам берели деп чечтик. Чоң болбосо да ар бир окуучу, ата-энеси менен биргеликте колунан келген китеп, оюнчук, окуу куралдарынан, таттуулардан кылып белек даярдашты. Мен болсо ал аралыкта ватсап группалардын биринен Республикалык 2-класс деген группадан Баткендик мугалимдерди сураштырып, Баткен районунун Кызыл -Бел айылынан Ибраимова Жумагүл эжейди таптым. Эжекенин классы 2-а класс экен.
Кызыгы окуучуларыбыздын, анын ичинен балдар, кыздарыбыздын саны бирдей болуп чыкты. Эжеке менен жакындан таанышып, класстагы окуучуларыбызды да тааныштыра турган болуп, чогулткан белектерибизди ошол окуучуларга жөнөтө турган болдук.
Директорубуз Нарынкүл Досматова колдоп, Бишкекке такси таап жөнөткөнүнө жардам берди. Белектерибиз өз дарегине жетип, Баткендик достордон, ата- энелеринен ыраазычылык каттарды алып, сүйүнүп турган чагыбыз.
Комментарии