3-декабрь ДМЧ жарандардын күнүнө карата
N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 3-декабрь Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата » Биз биргебиз» аттуу бир айлык акциянын алкагында 2022-жылдын 1-декабрь күнү Атай айылында райондук денгээлде иш чара өткөрүлдү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин депутаты Исатбек кызы Аида, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович катышып, ДМЧ жарандарга атайын өздөрүнүн белектерин тапшырды. Мындан сырткары айылыбыздын тургундары Кайыпбеков Ардакбек, Ташматов Рысбек, айылдык кеңештин төрагасы Нурмадил Жээнбаев демөөрчү болуп колдоо көрсөтүштү. Ошондой эле ДМЧ лар арасында уюштурулган спорттук-маданий иш-чарага райондун аймагындагы Атай, Каргалык, Көк-Ирим, Сары-Булун, Тогуз-Торо айыл өкмөттөрү демөөрчүлүк кылышты.
Мындан сырткары ДМЧлардын колунан жаралган атайын көргөзмө ДМЧ жарандарыбыз менен биргеликте «Ыр майрамда биргебиз» аттуу майрамдык иш- чара жогорку денгээлде уюштурулду. Колдоо көрсөткөн инсандарыбызга терен ыраазычылык билдиребиз.
Комментарии