Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо.
26.09.2024- жыл күнү Атай айыл аймагына караштуу билим берүүчү орто мектептерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1- август 2019- жылдагы » Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндөгү» #390 токтомуна ылайык мектеп окуучуларына жана ата- энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин биринчи орун басары Венера Мурзалымбекова, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Таалайбеков Бактыбек, Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Үй бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Өмүрова Мая, айыл өкмөтүнүн саламаттык сактоо жана социалдык маселелер боюнча адиси Туркманова Нурзат, айылдык участковыйдын катышуусунда атайын чогулуш болуп өттү. Анда акимдин биринчи орун басары Венера Бейшеналиевна окуучуларды, мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап билим алуу менен катар тарбияга да көп көңүл буруш керек экендигин, ата- эне менен мектеп тыгыз байланышта болсо мыкты, билимдүү, сапаттуу балдар чыгаарын айтып өттү.Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Таалайбеков Бактыбек мырза билим берүүчү орто мектептерге колунан келишинче жаңы ачылыштарды жасап, келечекте өзүнүн артында элге эсте калаарлык издерди калтырып кетээрин баса белгиледи. Ошону менен катар эле билимдүү окуучуларды жаркын келечек күтүп тураарын 2024-2025- окуу жылында бүтүрүүчүлөрдү «Алтын сертификат» алууга үндөдү. Үй бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Өмүрова Мая зордук зомбулуктун алдын алуу үчүн окуучулардан, ата- энелерден эч качан бири- бирибизге кайдыгер карабай тыгыз байланышта болуп иштешүүгө чакырып, эгерде кандайдыр бир маселе, шектүү жагдайлар болуп калса соц,педагогго, айыл өкмөтүнүн соц адисине же ишеним телефондоруна кайрылса болоорун айтты. Айылдык участковый окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн ата- энелерден балдарга кайдыгер карабай көзөмөлгө алып, кечкисин көчөгө чыгарбоого чакырды. Сөздөрүнүн аягында окуучулардын окууларына ийгилик каалашып, ата- эне, мектеп, окуучу биримдикте иш алып барса чоң жетишкендиктер жараларын айтып кетишти.
Комментарии