Ата-энелер мектеби
2022-жылдын 23-ноябрда N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Ата- энелер мектебинин» демилгечиси Шайнаева Нуркамал эже тарабынан «Ата -энелер мектебинин максаты, мааниси, милдети» — деген темада мугалимдерге, класс жетекчилерге, ата -энелерге окуу болуп өттү.
Окууда ата -энелерге үй-бүлөөдө бала тарбиялоодогу милдет, рол, маани, көңүл буру ж.б.у.с. темаларга кеңири токтолуп түшүндүрүү иштери жүрдү. Ал эми класс жетекчилерге ата-энелер мектебинин жобосу, программасы жана Г. Мадаминовдун китептери жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Жыйынга катышкандар жылуу пикирлерди айтуу менен окууга көбүрөөк ата -энелердин тартылышы керек экендигин белгилешти.
Эгерде ушундай окууларга ата-энелер активдүү катышып бере турган болсо, окуучулар эки канаты менен учуп, бийиктиктерди багынтаары талашсыз.
Жаркын келечеке бирге баралы.
Комментарии