1-сентябрь Билим күнү.
№5 Барктабас мектебинде 1-сентябрь Билим күнү жогорку деңгээлде белгиленди.
Сентябрым келипсиң , аптап күндү жеңипсиң.
Китеп, дептер балдарга, түгөл баарын берипсиң.
Сентябрым келди деп, бөбөктөр жүрдү сүйүнүп,
мугалимдер бир башка, кубанычтан күлүшүп.
Майрамдын жүрүшү алгач Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, мектепке чакырылган коноктор ардагер мугалим Жылтырова Бурул, Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Жаңыбаев Аскер каалоо тилектерин айтышты. Мектеп директору Досматова Нарынкүл Жаныбековна салтанатты ачып төмөнкүлөргө токтолду.
2022-2023-окуу жылына карата 34 жогорку билимдүү, 1 бүтпөгөн жогорку мугалим эмгектенет. Баардык предметтерден кадрлар жетиштүү. 279 окуучу келип, анын ичинде 11-класска 10 окуучу, 9-класска 17 окуучу, 1-класска 42 окуучу, даярдоо классына 32 окуучу кабыл алынды.
Окуучулар тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды. Салтанаттуу линейка жогорку деңгээлде болуп өттү.
Комментарии